"Бүт жерде 20-30 миң сом". Депутат айып пулдар жогору болуп жатканын айтты 

Бүгүн, 25-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев айып пул маселесин көтөрүп, жөндөн-жөн айып пулдун баасын жогорулатуунун кежети жоктугун билдирди.

Анын айтымында, учурда айып пулдардын суммасы өтө эле жогору, ошону менен катар эч кандай натыйжа болгон эмес.

"Биз айып пулдарды өтө эле көтөрүп жатабыз. Бир топ эле мыйзам долбоорлорду кабыл алдык, айып пулдардын баасын көтөргөндө жашоо деңгээл кандай азыр, баарын карап чыгуу керек. Алардын өлчөмүн карасаңар бүт жерде 10-20-30 миң сомду түзөт. Биз жашоо шартка карабай эле иши кылып көтөрүп жатабыз. Жаңы жылдан баштап өкмөт алып келеби, депутаттар сунуштайбы, баарын тартипке алып келиш керек. Жөн эле көтөрө берген туура эмес. Же бирөө келип "биз айып пулдарды көтөрдүк эле, мыйзам бузуулар аз болуп калды" деп айтса анда макул. Бирок андай болгон жок да. Көтөрүп эле жатабыз, көтөрүп эле жатабыз. Эмне үчүн көтөрүп жатабыз? Себебин сураш керек. Бир жылда натыйжа болуш керек. Эми көтөрүлгөндөн кийин коррупция дагы көп болот да", - деди депутат.

Жогору Кеңеш 25.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан