Ысык-Көлдүн аймагында төрт тактуу скутерлерди айдоого уруксат берилмей болду

Бүгүн, 25-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин (гидроцикл) пайдаланууга тыюу салууну караган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл) - ички күйүүнүн туруктуу кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар жогорку ылдамдыктагы персоналдык суу транспорт каражатын пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыккан.

Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиев мыйзам долбооруна карата берилген сунуштардын негизинде эки тактуу гана скутерлерге тыюу салуу каралып жатканын, ал эми төрт тактуу скутерлерге уруксат берилерин белгиледи. Буга чейин скутерлердин бардык түрүнө тыюу салуу сунушталып жаткан.

Талкууда депутат Сеидбек Атамбаев көлдө эс алгандардын коопсуздугун камсыздоо максатында өзүнчө аймак уюштуруу сунушун айтты. Маматалиев жогорудагы суу транспортторун колдонуу боюнча өзүнчө аймак (техникалык зона) уюштуруу каралып жатканын билдирди. Ошондой эле ал эрежелер жана колдонуу жобосу мыйзам кабыл алынса, Министрлер кабинетинин тескемеси менен бекитилерин кошумчалады.

“Уруксат берилген аймак туристтер эс алган жээктерде жана пляждарда болбойт, өзүнчо тосмо аркылуу бөлүнүп, 100 же 500 метр аралыкта болуусу каралат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, депутаттар Элдар Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, Нуржигит Кадырбеков, Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев демилгелеген мыйзам долбоору 24-октябрда биринчи окууда жактырылган.

Жогорку Кеңеш 25.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан