Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын II даражадагы Достук ордени менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сыйлык Казакстандын президентти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен ыйгарылган.
"Сыйлык эки элдин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.
Сыйлык тапшыруу иш-чарасы Бишкек шаарынын мэриясында өтүп, аны Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев тапшырган.
Ал эми Айбек Жунушалиев сыйлыкты алып жатып, көрсөтүлгөн жогору ишеним үчүн ыраазычылык билдиргени айтылды.