Адылбек Касымалиев Салык кызматында кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында салык чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды.

Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын алдына бир катар милдеттерди коюп, өзгөчө бюджетти түзүүчү товарларга толук мониторинг жүргүзүү жана 2024-2025-жылдарга пландын аткарылышын камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

МинКаб башчысы ЭТТКны жоюуга жол берилбестигин айтып, бирок бул процессти жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн жана ЭТТК талап кылынган товарлардын тизмесин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү изилденерин кошумчалады.

"Ал ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана Мамлекеттик салык кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү жана салыктын ачыктыгын жогорулатуу боюнча натыйжалуу ишин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Адылбек Касымалиев ишкерлер отчёт тапшырууда кездешкен кезек күтүү, электрондук системалардын иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөр сыяктуу көйгөйлөрдү тез арада жоюуну тапшырды", - деп билдиришти МинКабдан.

Отурумдун жыйынтыгында Касымалиев фискалдык органдын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу талдоо жүргүзүүнү тапшырды. Муну менен катар ЭТТК жөнөкөйлөтүүнүн жыйынтыктарын изилдөө жана Мамлекеттик салык кызматынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлөрүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан