Камчыбек Ташиев суранган мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында коррупционерлерге жаза чараларын күчөтүү мыйзамы экинчи окууда каралды.

Документте мыйзам актыларына төмөнкүдөй толуктоолорду киргизүү сунушталууда:

  • жубайы же жакын туугандары коррупциялык иштер боюнча оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алынбайт;
  • коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салынат;
  • коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдарды жокко чыгаруу;
  • коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдар күнөөсүн моюнга алып жана материалдык зыяндын ордун толтурса, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымына кесилет.

Жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алуу боюнча 5 фракция менен 2 депутаттык топтун корутундусу бар экенин белгиледи. Натыйжада аны депутаттар бир добуштан колдоп, сунушталган мыйзамды дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырышты.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору 5-декабрда биринчи окууда каралган. Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жыйынга өзү келип депутаттардан мыйзамды жыл жаңырганга чейин колдоп берүүнү суранган. Жыйында документ кызуу талкууланып, эл өкүлдөрү бир катар сунуштарды беришкен. Ташиев сунуштарды башка да күч органдарынын жетекчиликтери жана тиешелүү адистер менен кеңешип, кайра карап көрүшөрүн айткан.

Атайын кызматтын башчысы мындан сырткары Кылмыш-жаза кодексинде 2025-жылдын 1-январынан тарта айып пулдар жаза катары колдонулбай турганын белгилеп, жаза күчөтүлө турган беренелерди тизмектеген. Ошондой эле ал коррупционерлердин 31-декабрга чейин гана убактысы калганын айткан эле.

Жогорку Кеңеш 25.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан