Казакстанда кырсыктаган учак боюнча азырынча эмнелер белгилүү:
- Актау шаарына жакын жерде кыйраган Embraer 190 учагы AZAL авиакомпаниясына таандык. Ал Бакудан Чеченстандын борбору Грозныйга учуп бара жаткан.
- Учакта 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайджандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон. Учурда 29 аман калган жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Алардын 9у оор абалда экендиги айтылат. Ошондой эле каза болгон төрт жарандын сөөгү табылган. (сандар өзгөрөт). Акыркы маалыматтар боюнча экипаж мүчөлөрүнүн бири да аман калган эмес.
- Azerbaijan Airlines кыйраган учакта каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү үчүн ишеним телефондорун ачты: (+994) 12 5048280, (+994) 12 5048202, (+994) 12 5048203. Буга чейин Казакстандын ӨКМ кызматы да ишеним телефондорун уюштурган: 8-7172-55-96-21 и 8-7292-31-90-91.
- Казакстан Өкмөтү окуянын себептерин ар тараптуу иликтөө жана биринчи кезектеги жардам көрсөтүү үчүн Азербайжан өкмөтү менен кызматташууну көздөп, комиссия түздү. Алар жерине учуп кеткен.
- Бул арада Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Орусиянын Ленинград шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин саммитинен тез арада Бакуга учуп кетти. Ал учакта каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандарга ден соолук тиледи.
- Ага улай Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Орусиянын президенти Владимир Путин Ильхам Алиевге көңүл айтты.