Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу маалыматты дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюму билдирди.
Аталган уюмдун 25-декабрдагы чыгарган маалыматына ылайык, борбор калаа "өтө зыян" деп табылып, абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен.
Мындай шартта шаардыктарга беткап тагынуу, терезелерди жабуу жана мүмкүнчүлүк болсо абаны тазалай турган жабдууларды иштетүү сунушталат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаары акыркы жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарында алдыңкы орундарды бербей келет.