Кара-Сууда мал уурулукка шектелип эки жигит кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда мал уурулукка шектелип эки жигит кармалды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1 -беренеси (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 2000-жылы туулган С.А. жана 2004-жылы туулган М.К. аттуу тургундары кармалып, камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан