Депутат Темирбаева айыл өкмөт башчылары кызматтан мыйзамсыз бошотулуп жатканын айтты

Бүгүн, 25-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева айыл өкмөт башчылары кызматтан мыйзамсыз бошотулуп жатканын айтып чыкты.

Жыйында коррупционерлерге жаза чараларын күчөтүү мыйзамы экинчи окууда каралып жаткан, эл өкүлү УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбековго кайрылып, маселеге көңүл бурууга чакырды.

"Акимдер айыл өкмөт башчыларын өзүм билемдик менен жумуштан алган фактылар бар. Аларга жакпай калабы, же өзүнө ыңгайлуу киши алып келгиси келеби, же жогору жактан буюртма алабы түшүнүксүз. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун акими Канимет Осмонбеков эки айыл өкмөттүн башчысын мыйзамсыз эле жумуштан алган. Эки иш боюнча тең менде фактылар бар. Бул жерде акимдин жоопкерчилигин караш керек", - деди Темирбаева.

Ага УКМКнын төрагасынын орун басары маселени карап көрүүнү убадалады.

Жогорку Кеңеш 25.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан