13 жолу соттолгон жаран ноокаттыктарды алдап кеткен. Шектүү кармалды

Ошто өзүн Өкмөттүн адамы катары тааныштырып, мыйзамсыз иштерди жасап жүргөн жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал Германияга окууга жиберем деген таризде Ноокат районундагы бир катар тургандардан, мамлекеттик кызматкерлерден акча чогулткан. Каражаттын жалпы суммасы 200 миңден ашат.

Жабыркагандар бир нече айдан кийин милицияга кайрылышып, анын негизинде “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада мурун 13 жолу сот жообуна тартылган 1984-жылы туулган Б.А. аттуу жаран Бишкектен кармалып, камакка алынган.

Учурда тергөө иштери Ноокат райондук милициясында жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан