Блогер Батмакан Жолболдуева тергөө абагында зордукталганын айтып чыкты 

Баткендик блогер Батмакан Жолболдуева 2022-жылдын жазында Баткендеги СИЗОдо зордукталганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Блогердин айтымында, убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери ага зордук-зомбулук көрсөтүү үчүн камактагы адамды жөнөтүшкөн. Ал Акыйкатчы институтуна жана укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок эч кандай жооп болбогонун айтты.

"Мени мыйзамда тыюу салынган убактылуу кармоочу жайда бир ай кармашты. Мени зордуктоо үчүн камактагы эки жаранга салып беришкен. Зордуктоодон кутулуу үчүн мен өзүмө-өзүм кол салып, убактылуу кармоочу жайдан чыгып кеткем. Бирок экспертиза жүргүзүлгөн эмес", - деди Жолболдуева.

Ал күнөөлүүлөр жоопко тартылбай, айрымдары кызматтан көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Эске салсак, Жолболдуева 2022-жылы журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө катыштыгы бар деп айыпталып, бирок 2023-жылы негизги эпизоддор боюнча акталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан