Камчыбек Ташиев Барпы чек ара бекетин ачты 

Бүгүн, 25-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагында жайгашкан Барпы чек ара заставасынын жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиргендей, ачылыш аземине Чек ара кызматынын жетекчилери, жергиликтүү башкармалыктардын жана чек ара заставасынын өздүк курамы, жергиликтүү тургундар катышты. Ташиев жаңы заставанын имаратын жана аймагын толугу менен көрүп чыгып, түзүлгөн шарттар менен таанышты. Жоокерлер менен чогуу тамактанып, машыгуу залдары, кызматтык жатаканаларды да карап чыкты.

"Заставада мончо, жайкы ашкана, кызматтык жатаканалар, футбол аянтчасы, автопарк жана башка кызматтык зарылчылыктар толугу менен камсыздалган. Барпы чек ара заставасы буга чейин айыл ичинде жайгашкан эски балдар бакчасынын имаратында жайгашкан болчу. Тийиштүү кызматтар ал имаратты пайдаланууга болбойт, авариялык абалда деген тыянак чыгарган. Мындан улам, чек арачыларга жаңы заманбап застава куруу зарылчылыгы келип чыккан. Камчыбек Ташиевдин көзөмөлү астында заставанын курулуш иштери кыска убакытта, бардык талаптарга жооп бере турган шартта курулуп бүткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан