IDC аналитикалык компаниясынын отчетуна ылайык, Huawei 2024-жылдын алгачкы үч кварталында алып жүрүүчү түзүлүштөрдү эл аралык жеткирүүлөрдүн көлөмү боюнча биринчи орунду ээледи. Рейтингдеги мындай жогорку позиция стилдүү дизайны жана ден соолукка мониторинг жүргүзүү жана спорт менен машыгуу үчүн бир катар функциялары бар жогорку технологиялуу өнүмдөрдү сунуштоого умтулган, тармактык лидер катары компаниянын статусун кошумча тастыктайт.
2024-жылдын 1-3-кварталындагы маалыматтардын негизинде сатуу көлөмү, рыноктун үлүшү жана жылдык өсүш боюнча ТОП-5 алып жүрүүчү түзүлүштөрдү өндүрүүчү-компаниялар (сатуу саны миллион менен эсептелет) |
|||||
Компания |
Сатуу көлөмү (2024-ж. 1-3-кварталы) |
Рыноктун үлүшү (2024-ж. 1-3-кварталы) |
Сатуу көлөмү (2023-ж. 1-3-кварталы) |
Рыноктун үлүшү (2023-ж. 1-3-кварталы) |
Жылдык өсүш |
1. Huawei |
23,6 |
16,9% |
16,3 |
11,6% |
44,3% |
2. Apple |
22,5 |
16,2% |
25,8 |
18,4% |
-12,8% |
3. Xiaomi |
20,5 |
14,7% |
16,2 |
11,5% |
26,5% |
4. Samsung |
11,5 |
8,3% |
9,3 |
6,6% |
24,3% |
5. BBK |
7,8 |
5,6% |
6,2 |
4,4% |
25,9% |
Башка компаниялар |
53,2 |
38,2% |
66,7 |
47,5% |
-20,3% |
Бардыгы |
139,0 |
100,0% |
140,5 |
100,0% |
-1,0% |
Булак: IDC компаниясынын 2024-жылдын 3 кварталында алып жүрүүчү түзүлүштөрдүн дүйнөлүк жеткирүүлөр жөнүндө отчету |
Huawei — алып жүрүүчү түзүлүштөрдүн дүйнөлүк рыногунда башкы оюнчу
IDC отчетунда 2024-жылы сааттарды жана билериктерди жеткирүү санынын төмөндөгөнүнө карабастан, кытай өндүрүүчүлөрүнүн сатуу темпинин 20,1% жылдык өсүшү белгиленген.
Алардын арасында Huawei компаниясын жана глобалдык жеткирүүнүн 44,3%га өсүшүн өзгөчө белгилей кетүү керек, бул компанияны дүйнөлүк рынокто (16,9%) жана жергиликтүү рынокто (35,7%) ээлеген үлүшүнүн өлчөмү боюнча биринчи орунга чыгарат. Компаниянын ийгилиги анын рыноктогу ишенимдүү позициясын жана алып жүрүүчү түзүлүштөрдү иштеп чыгуу маселелеринде зор тажрыйбасын тастыктайт.
2024-жылы чыгарылган негизги алып жүрүүчү түзүлүштөр
Быйылкы жылы Huawei HUAWEI WATCH FIT 3, HUAWEI WATCH GT 5 жана HUAWEI WATCH D2 сыяктуу жагымдуу жаңы өнүмдөрдү чыгарып, өзүнүн өнүмдөр линейкасын кыйла кеңейтти.
HUAWEI WATCH D2 сааты медициналык аппараттар деңгээлинде артериялык басымга суткалык мониторинг[1] (АБСМ) жүргүзүү функциясын кармайт, ал эми HUAWEI WATCH FIT 3 сааты ден соолуктун абалына комплекстүү мониторинг жүргүзүү үчүн курал катары сунушталат.
HUAWEI TruSense жаңы системасы киргизилген HUAWEI WATCH GT 5 сааты дүйнө жүзүндө колдонуучуларды таң калтырып, WAREABLE жана ANDROID AUTHORITY сыяктуу алдынкы басылмалардын жогорку баасына татыды.
Huawei компаниясынын түзүлүштөрү келечектеги алып жүрүүчү түзүлүштөр кандай болушу керектигине уникалдуу көз карашты сунуштайт жана жаңы тармактык стандарттарды белгилейт. Алардын аркасында дүйнөнүн каалаган жериндеги колдонуучуларда ден соолуктун көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөөнүн жаңы функцияларына жетүү мүмкүндүгү бар, алар жашоо сапатын жаңы деңгээлге чыгарууга жардам берет.
Жаңы илгерилетүү куралдарынын аркасында брендди бекемдөө
Huawei компаниясы Европада, Латын Америкасында, Азия-Тынч океан аймагында, Африкада жана Жакынкы Чыгышта колдонуучулардын ишенимине татыды. Бренддин позициясын бекемдөө жергиликтүү рыноктордун өзгөчөлүктөрүнө ыңгайлашуунун аркасында мүмкүн болду.
Олимп оюндарындагы алтын медалдын ээси Мо Фараны жана белгилүү фитнес-инфлюенсер Памела Райфты HUAWEI алып жүрүүчү түзүлүштөрүнүн амбассадорлору катары тандоо ийгиликтүү чечим болду. Алар Дубай жана Барселона сыяктуу шаарларда, ошондой эле Бразилияда жаңы түзүлүштөрдүн ири бет ачарларында алып баруучу болушту.
“Активдүүлүк шакегин жандырыңыз” жана “Камкордук үчүн технологиялар” иш-чаралары дагы оптималдуу дене бой формасын колдоого багытталган функциялардын бай топтому менен жеке жардамчы катары Huawei алып жүрүүчү түзүлүштөрүн сунуштоого жардам берди.
Мындай чечимдер Huawei компаниясынын алып жүрүүчү түзүлүштөр тармагында лидер наамын бекемдеди жана колдонуучулардын көңүлүн бурууга жардам берди.