Бүгүн, 25-декабрда Баткен облустук милициясы Баткен шаарынын тургуну Батмакан Жолболдуеванын “Баткен РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан зордукталдым” деген билдирүүсүнө жооп берди.
Маалыматка ылайык, Жолболдуеванын өзүнүн Фейсбук баракчасында милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБдин ички иликтөө кызматы кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.
"Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоочу жайда өзүнө кол салгандыгы боюнча Баткен ОИИБинин жетекчилигинин тапшырмасы менен Баткен ОИИБден түзүлгөн топ барып текшерүү жүргүзгөн. Баткен РИИБинин ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшергенде, ал жерде кармалып жаткан Жолболдуевага карата кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер болгондугу аныкталган эмес", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин блогер Батмакан Жолболдуева 2022-жылдын жазында Баткендеги СИЗОдо зордукталганын айтып чыккан.
"Мени зордуктоо үчүн камактагы эки жаранга салып беришкен. Зордуктоодон кутулуу үчүн мен өзүмө-өзүм кол салып, убактылуу кармоочу жайдан чыгып кеткем. Бирок экспертиза жүргүзүлгөн эмес", - деген ал.