Кадамжай районундагы жеке менчикке алынган социалдык объектилер жана айыл чарба участоктору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда УКМКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы социалдык инфраструктура объекттерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды.
Тактап айтканда УКМК тарабынан Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын аймагындагы бала бакча имараты менен жалпы аянты 0,45 гектар жер тилкесин сатуу фактысы аныкталды.
Ошондой эле тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ээси өз ыктыяры менен Орозбеков айыл аймагынын муниципалдык менчигине болжолдуу баасы 19 миллион 236 миң 400 сом болгон жер тилкеси менен бала бакча имаратын кайтарып берди.
Мындан тышкары Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын аймагындагы жалпы аянты 0,27 гектар болжолдуу баасы 30 миллион 422 миң сом болгон жанаша жер тилкеси менен мыйзамсыз менчиктештирилген балдар бакчасы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын балансына кайтарылды.
Менчик ээси тарабынан ыктыярдуу негизде Масалиев жана Исхак-Полотхан айыл аймагындагы жалпы көлөмү 60 гектар айыл чарба багытындагы, баасы 1 миллиард 877 миллион 581 миң 100 сомдук жер тилкелери муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген.