Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Башкайыңды жана Кочкор районундагы Чолпон айылдарында жаңы милициянын аймактык бөлүмчөлөрү ачылды. Бул туурасында кечээ, 25-декабрда ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чарага ИИМдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышып, бөлүмчөлөр калктын коопсуздугун сактоодо чоң роль ойной тургандыгын билдирди.
Белгиленгендей, жаңы имараттарда кызматкерлер үчүн кеңсе бөлмөлөрү, жыйындар залы, эс алуу бөлмөлөрү жана башка зарыл шарттар түзүлгөн.