Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган Azerbaijan Airlains авиакомпаниясына таандык Embraer ERJ-190 учагы жекшемби күнү, 22-декабрда дагы аз жерден кырсыктап кала жаздаган. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, учак кырсыгынан кийин Түркия Казакстанга кыйраган учак тууралуу жаңы маалыматтарды берген. Анда кырсыкка үч күн калганда, 22-декабрда учак Бакудан Түркиянын Трабзон шаарына учканы айтылат.
"Радар маалыматтарына ылайык, Трабзон аэропортуна учкуч экинчи аракетинде гана учакты кондурууга жетишкен. Андан кийин учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта кулап түшкөн. Жүргүнчүлөрдү ташыган учак коюу тумандан улам Грозныйга коно албай, алгач Махачкалага, андан соң Актауга багыт алган.
Азырынча кырсыктын себептери боюнча бир нече версиялар айтылууда. Бир версия боюнча, кырсыкка учак менен канаттуулардын кагылышы себеп болгон. Башка маалымат каражаттары учактагы кычкылтек баллону жарылганын кабарлашты. Embraer учагынын учкучу учакты башкара албай калып, Актау аэропортуна 3 мүнөт калганда кулап түшкөн.