Токтогулда 1,9 миллион сомдук алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Токтогул районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-декабрда милицияга Токтогул районунун 43 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын 5-апрелинде А.Т. аттуу жаран "үй алып берем" деген шылтоосу менен 1 миллион 900 миң сом алганын, бирок убадасын турбай кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан