Бишкекте миллиондук алтынды алдап алып кеткен шектүү аял кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда милицияга Т.А. аттуу жаран чала таанышынын үстүнөн арыз жазган. Анын айтымында, былтыркы жылдын апрель айында шектүү 1 миллион 600 миң сомду түзгөн алтын буюмдарын сатып берем деген шылтоо менен алып кетип, из жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 42 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан