
Өлкө аймагында акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 26-декабрда билдирди.
Ага ылайык, Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду. Тилсиз жоо катталган аймактар:
Бишкек шаарында – 2;
Ош шаарында – 1;
Ош облусунда – 3;
Чүй облусунда – 3;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Баткен облусунда – 1.