Бишкек шаарында опузалаганга шек саналып 27 жаштагы жаран кармалды. Бу тууралуу бүгүн, 26-декабрда Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургуну бир жарандын үстүнөн арыз менен кайрылган. Ал шектүү Жибек Жолу-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен ур-токмокко алганын жана ушул күнгө чейин коркутуп, акча талап кылып келе жатканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалып, Ленин райондук соту ага электрондук көзөмөл (браслет) тагуу чечимин чыгарган.
Учурда тергөө иштери уланууда.