"Ош- Тазалык" муниципалдык ишкананын кызматкерлери жана техникалары келе жаткан жаңы жылды утурлай майрамдык маанай менен өз кызматтарын аткарып жатышат. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, шаар кыдырып таштандыларды алып кеткен унаалар гриляндылар менен оролуп шаардыктарга майрамдык маанай кошууда. Ал эми борбордук аянттагы темир урналар эс алуучулардын таштанды салуусуна ыңгайлаштырылып кооздолуп, жарыктандырылган.
"Ош-Тазалык" муницинапалдык ишканасы шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырып, келе жаткан жаңы жыл жакшылыктын жана молчулуктун жылы болсун деген тилегин билдирди.