Бүгүн, 26-декабрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө жылуулук жана ысык суу убактылуу өчөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 18:00гө чейин Ибраимов көчөсү, 40, 42, 40/1, 42/1, Бөкөнбаев көчөсү, 59, Шопоков көчөсү, 33, 35 үйлөрүндө жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
"Өчүрүү эски жылуулук түтүктөрүн алмаштырып, жаңы орнотулган түтүк тармагына кошуу иштерин жүргүзүү үчүн зарыл", - деп билдирди мэрия.