"Коркунучтуу оору". Дарыгер Бекбоев инсульт тууралуу айтат (видео)

SUPER.KG порталынын "Пайдалуу кеңештер" түрмөгүндө дарыгер-невролог, психотерапевт Темирбек Бекбоев бул жолу инсульт дарты тууралуу айтып берет.

"Инсульт – бизде сокку деп аталат да. Бул эми мээнин кан тамырына болгон сокку же мээнин кан тамырынын мээге болгон соккусу. Мээнин кан тамырларынын кескин бузулушу. Бул биз үчүн коркунучтуу оору. 10 күнгө чейин жакшылап дарылаш керек", - дейт дарыгер.

Дарыгер инсульт алган бейтаптардын 70 пайызы инсульттан кийин иштөө жөндөмдүүлүгүн жоготуп аларын кошумчалады.

"Инсульт эмнеси менен коркунучтуу? Биринчиден, бейтапты аман алып калып, өзүнө келтириш керек. Экинчиден, жумушка болгон жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү зарыл. 70 пайыз бейтап инсульттан кийин иштей албай калат экен. 30 пайызы иштеп кетет", - деди ал.

Толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан