Баткенде алдамчылыкка шектелип, сот жообунан качып жүргөн чет өлкөлүк жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Бак жана Чек айылынын эки тургуну милицияга арыз менен кайрылышкан. Алар былтыркы жылдын башында унааларын (бирөөсүнүкү Kia Sportage, экинчисиники Daewoo Tico) белгисиз жаранга келишим баага баалашып, акчаларын ала албай жүргөндүгүн айтышкан.
Бул арыздар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Анын алкагында шектүү катары Өзбекстандын 29 жаштагы жараны кармалды. Тергөөдө ал унаа ээлерине өзүн башка ысым менен тааныштырганы аныкталган жана шектүүгө 2023-жылдын 16-сентябында айыбы угузулуп, Баткен райондук соту үй камагына алуу чечимин чыгарган.
Бирок ал сотко келбей качып жүргөндүктөн издөөгө алынып, Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.