Дин комиссиясынын директору менен муфтий Түркияга барды

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов менен Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Абдулазиз Закиров иш сапары менен Түркияга барышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Дин комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алар өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун ишке ашыруу максатында барышкан. ДИМКнын директору менен муфтий баштаган делегация Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш менен жолугушту.

Анда диний билим берүүнү өркүндөтүү, дин жаатында тажрыйба жана методикалык маалыматтар менен алмашуу, ошондой эле дин чөйрөсүндө биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү тууралуу маселелер талкууланып, диний тармакта кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан