Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргызстандыктар үчүн аты-жөнүн өзгөртүүдө тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Мирлан Самыйкожо мыйзамда өлкө жарандары үчүн фамилия жаздырууда же алмаштырууда жаңы варианттарды кошуу сунушталганын белгиледи. Анын айтмында, учурда колдонулуп жаткан "ов", "вич", "ова", "уулу", "кызы" деген аталыштар кала берет да, булар менен бирге жаңы аталыштар кошулат. Эл өкүлү долбоордо чоң атасынын атын кыскартып кошуу, чоң атасынын кыскартып кошулган атынан кийин эркектерге атасынын аты менен "уулу", кыз-келиндерге "кызы" дегенди улантып жаздыруу, ошондой эле мааниси жагынан так болушу үчүн мурда чоң атасына уланчу "тегин" деген аталышты эми "теги" кылып кыскартуу, чоң атасынын атынан кийин "теги" жаздырган эркек жынысындагыларга өз атынан кийин атасынын атына илик жөндөмөсүнүн мүчөсүн улап жаздыруу, аял жынысындагыларга атасынын атына чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсүн улап жаздыруу каралганын билдирди.
Мисалы, Бейшеев Кылымбек Нурбекович деген аты-жөндү алсак, биринчи вариантта Бейше Кылымбек же Бейше Кылымбек Нурбек уулу боло алат. Эгер "теги" сөзү кошула турган болсо, анда Бейшетеги Кылымбек же Бейшетеги Кылымбек Нурбек уулу болот. Ал эми жөндөмө мүчөлөрүн улап жаздырган учурда фамилия Бейшетеги Кылымбек Нурбектин же Бейше Кылымбек Нурбектин болуп өзгөрөт.
Сунушталган мыйзамда мындай аталыштагы аты-жөндү каалаган жарандар гана жаздыра алары, 18 жашка чыга электердин аты-жөнү ата-энесинин каалоосу менен алмашары айтылат.
Талкууда депутат Исхак Масалиев эгер жаран аты-жөнүн алмаштырса окуу жайды бүткөндүгүн тастыктаган документин жана башка документтерин дагы алмаштыруу зарылчыгы жаралышы мүмкүндүгүн айтты. Самыйкожо документтердеги атын кошо алмаштыруу зарылдыгы жок экенин, аты-жөнүн алмаштыргандарга атайын өзгөрткөнүн тастыктаган күбөлүк берилерин билдирди. Анын айтымында, документтер менен чогуу берилген күбөлүктү алып жүрүү жетиштүү. Ошондой эле айрым депутаттар көрсөтүлгөн варианттар башаламандыкты жаратышы мүмкүндүгүн белгилешип, бир нормага келтирүү керектигин сунушташты.
Документтин демилгечилеринин бири, парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев долбоорду демилгелеп жатканда аты-жөндү нукура атоону максат кылышканын билдирип, жаңы жылдан баштап өзүнүн фамилиясын өзгөртөрүн билдирди.
Жыйынтыгында каттоодон өткөн 89 депутаттын 77си "макул" добушун берсе, "каршы" баскандар болгон жок.