Ош шаарындагы "Ош нуру" мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, болжолдуу баасы 18 миллион доллардан ашуун 0,8 гектар жер тилкеси бар "Ош нуру" мейманкана комплекси Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.
Учурда УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.