Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-декабрдагы жыйынында депутат Айсулуу Мамашова туристтерге жакшы шарт түзүлбөй жатканын айтып, нараазы болду.
Анын айтымында, аэропортто бир эле консулдук кызмат адамы иштегендиктен, биздин өлкөгө келген туристтер жети саатка чейин кезекте турууга мажбур болушууда.
"Мага көптөгөн туристтерге кызмат көрсөткөн гиддер, компаниялар кайрылышты. Бүгүнкү күндө бизге келген чет өлкөнүн жарандары аэропортто 5 сааттан 7 саатка чейин кезекте турууга мажбур болуп жатышат. Аэропортто виза берген бир эле консулдук кызмат адамы иштейт. Биринчи жолу Кыргызстанга келгендер үчүн ошол жерден "антиреклама" башталып жатат. Бизге келген туристтерди кармап калышыбыз керек", - деди депутат.
Ошону менен катар Мамашова аталган маселени тез арада Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) чечиши керектигин айтып өттү.
"Аларга жакшы тейлөө көрсөтүү керек, анын баары аэропорттон башталат. ТИМге бул маселени айтып коюңуздар, бат өткөнгө шарт түзүп берсин. Азыр кышкы туристтик учур башталып, аябай көп чет өлкөлүк туристтер Караколго келип баштады. Туристтер "бизди кыйнап койду" деп айтып жатышат. Биринчи кезекте аларга шарт түзүп берүү зарыл", - деди Мамашова.