Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 27-декабрда өлкө аймактарында күн ачык болот.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -0 ... -5, күндүз +3 ... +8;
Талас облусунда түнкүсүн -3 ... -5, күндүз +5 ... +7;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 0 ... -2, күндүз +8 ... +10;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3 ... -5, күндүз +5 ... +7;
Нарында түнкүсүн -17 ... -19, күндүз -3 ... -5 градус;
Бишкек шаарында түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +6 ... +8 градус болот.