Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Global hub” көп функционалдуу бажы-логистикалык борбору курула баштады. Бүгүн, 26-декабрда анын мезгил кутучасын салуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул туурасында Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев Кыргызстандын кампалык кыймылсыз мүлк рыногу учурда өнүгүүнүн баштапкы баскычында экенин, дээрлик жогорку класстагы кампалар жетишпегенин айтып, бүгүн курулушу башталып жаткан “Global hub” бажы-логистикалык борбору – эл аралык жана аймактык сооданы колдоо менен Борбор Азиянын логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү звено боло турган стратегиялык долбоор экенин билдирди.
Белгиленгендей, “Global hub” көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун жалпы аянты 136 миң чарчы метрден ашат, анын 120 миңи супер кампалар түзөт. Супер кампаларда — температуранын туура болушу, тамак-аш жана башка тез бузулуучу жүктөр үчүн атайын муздаткычтар, өлкөгө канчалаган дары-дармектер кирет, аларды сактоо үчүн складдар эл аралык стандарттарга жооп берет. Ошондой эле, кургак кампалар, бондалык кампалар болот.
Инвестициянын жалпы көлөмү 21 миллион доллар. Айлык акысы жогору болгон 100дөн ашык жумуш орундары түзүлөт. Инвестициялык долбоор Министрлер кабинети менен “Алканов Групп” коомунун ортосундагы макулдашуунун алкагында ишке ашкандыгы маалыматта кошумчаланган.