Бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков менен Салык кызматынын төрагалыгына жаңы дайындалган Алмамбет Шыкмаматовдун ортосунда кайым айтышуу орун алды.
Жыйында "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан. Анда эл өкүлү Айдарбеков документтеги салык карызын өндүрүү чараларын караган айрым пунктар чоң көйгөй жаратарын, муну менен өлкөнүн банк тутумуна залака тиерин белгилеп, пунктту комитет жыйынында алып салуу сунушталганын айтты.
Шыкмаматов мыйзамдагы айтылган пункттар алып салынганын айтып, депутат Айдарбековду коомчулукка туура эмес маалымат берүүдөн алыс болууга чакырды.
"Сиз абдан билимдүү адамсыз, мыйзамды окугансызбы, аны билбейм? Мунун баары алынды да. Бул жалган маалымат да. Өткөндө ипотека боюнча айтып, коомчулукту козуткансыз. Сиз комиссия менен барып текшерип көргөнсүз. Азыр деле барып текшерсеңиз болот. Андагы кезекти өзгөртүүгө болбойт, санариптик шартта бул мүмкүн эмес. Тескерисинче, сиздер менен биз бир командабыз, кызыкчылыгыбыз мамлекет да. Парламент – бул эң улуу трибуна. Ушул жерден жалган маалымат чыкса, коомчулук чындык деп кабыл алат", - деди ал.
Айдарбеков парламентке чакырылган өкмөт мүчөлөрү башка маселелер боюнча депутаттарга комментарий бербеши керектигин белгилеп, жыйынга төрагалык кылуучу мындай көрүнүшкө жол бербеши керектигин айтты.
"Бул жерде конструктивдүү жол менен талкуулайлы. Кодекстин тегерегинде болгон маселени мен көтөрүп, сиз жооп бердиңиз. Элге бул жакшы болду. Биз баарыбыз элдин мүдөөсүн аткарышыбыз керек. МИК боюнча сиз көтөрдүңүз. Эми сизге жооп беришим керек. Кезек боюнча төрт категория түзүлдү, дагы бешинчи приоритеттүү тизме пайда болду. Ага киргендер төртүнчү категориядагы үлүштүк негизде кошулгандар болуп жатат. Алардын дагы башка мүлктөрү бар. Шайлоочуларыма жооп берүү милдетим. Укук коргоо органдары муну текшерсин", - деди эл өкүлү.
Буга чейинки 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Айдарбеков Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) куруп жаткан батирлерге кезекке турууда жылдыруулар болуп жатканын айтып чыккан.