Депутат Сыдыков: "Кудайдан кийин эле Салык кызматынын башчысы деген түшүнүк бар"

Бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдон калыптанып калган түшүнүктү жоюуну суранды.

Жыйында "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

"Салык кызматынын башчысына сиз дайындалганда өзгөчө сүйүндүм. Эмнеге дегенде, сизде эрк бар. Бизнес чөйрөсүн дагы жакшы билесиз. Эмне кылам десеңиз кыла аласыз. Мен бул кызматта жакшы ийгиликтерге жетишесиз деп ойлойм. Экинчиси, бул мыйзам биринчи окууга келгенде бардыгыбыздын чачыбыз тик турган. Ал эми азыркы редакциясын колдоп берсек туура болот. Үчүнчүсү, бизде "Кудай бар, Кудайдан кийин эле Салык кызматынын башчысы анан кызматкерлери" деген түшүнүк бар. Алмамбет Насырканович ушу "Кудайдан кийинки эле биз" дегенди жоюңузчу", - деди ал.

Ошондой эле Сыдыков салык төлөбөө кылмыш экенин айтып, муну жарандарга жеткирүү керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 26.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан