Адылбек Касымалиев Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 26-декабрда Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, өкмөт башчы Азербайжандын жүргүнчүлөрдү ташыган учагынын кыйрашынан улам келип чыккан адам курмандыктарына байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине алардын кайгысын чын жүрөктөн тең бөлүшүү жана көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.

“Кыргызстандын Министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Азербайжандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалайм”, – деп жазды Касымалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан