Мозамбикте түрмөдөгү массалык качуудан 30дан ашуун адам каза болду

Мозамбиктеги полициянын командири Бернардино Рафаэлдин айтымында, 1500дөн ашуун туткун качкандан кийин кеминде 33 киши каза болуп, 15и жарадар болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, абакта 3 миңден ашуун соттолгондор бар, алардын көбү адам өлтүргөн. Окуя баш калаа Мапутодо жалпы шайлоодон кийин баш аламандык болуп жаткан учурга туш келген.

SABC радиосу туткундар сакчылардан курал алып, Мапутодон 14 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Мачава түрмөсүнөн чыгып кетишкенин билдирди. Рафаэль 1534 адам качып кеткенин, 150 адам кармалганын тактады. Ал нааразылык акциясынын катышуучуларын башаламандык уюштурду деп айыптаганда, юстиция министри Хелена Куида Мирамар кырдаалдын Мапутодогу баш аламандыктарга тиешеси жок экенин айтты.

Белгилей кетсек, октябрдын башында Мозамбикте президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөн. Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, "Фрелимо" партиясы жана мамлекет башчысына талапкер Даниел Чапу жеңишке жеткен. 23-декабрда Конституциялык кеңешме аны президент деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан