Бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" токтом долбоору кабыл алынды.
Ага ылайык, 2025-жылдын 8-январынан тартып 10-январын кошуп алгандагы мезгил депутаттардын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.