Тилек Текебаев "Бүргөндү" чек ара тозотуна кызматтык аттарды тапшырды

Бүгүн, 26-декабрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунун “Бүргөндү” чек ара тозотуна беш баш кызматтык аттарды тапшырды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аттар райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен алынган.

Ошондой эле райондук өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 2 миллион 574 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 189 сом акча каражаты жумшалып курулган чек ара тозотунун ашканасы ишке берилди.

"Ыйгарым укуктуу өкүл чек ара кызматкерлеринин мекенди коргоодогу эрдигин белгилеп, аларды ар тараптуу колдоо, тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо алкагындагы жумуштарга токтолду. Ошондой эле жоокерлерге бекем ден соолук жана кайраттуулук каалады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан