Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы ооруканага тиешелүү болгон имараттарды жана жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин түштүктөгү башкармалыгы менен Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бийлик органдары 1993-жылдан 2009-жылга чейин оорукананын балансындагы 4 административдик имаратты, төрөткананын бир бөлүгүн жана 28 сотых жер тилкесин жеке менчикке чыгарышкан. Натыйжада ал жерге 2 турак үй, 2 жеке клиника жана 5 дарыкана курулуп кеткен.
УКМК учурда прокуратура менен биргеликте бул объектилерди шаардык оорукананын балансына кайтаруу процедурасын баштаганын белгиледи.