Индиянын мурдагы премьер-министри Манмохан Сингх 92 жашында көз жумду. Бул туурасында чет элдик басылмаларда кабарланууда.
Маалым болгондой, ал бейшемби күнү кечинде эсин жоготуп, Нью-Делидеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Дарыгерлердин жасаган бардык аракеттерине карабастан саясатчынын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Маалыматтарда Сингх узак убакыттан бери ооруп дарыланып жүргөнү белгиленген.
Ал 1932-жылы 26-сентябрда төрөлгөн. Пенджаб университетинен экономика боюнча магистр даражасын, андан соң Оксфорд университетинен докторлук даражасын алган. 1991-1996-жылдар аралыгында премьер-министр Памулапарти Венката Нарасимха Раонун өкмөтүндө каржы министри болуп иштеген жана өлкөнүн экономикалык реформаларынын "башкы архитектору" катары таанылган.
Сингх алгач 2004-жылы жалпы шайлоодон кийин Индиянын премьер-министри болуп дайындалган. 2009-жылы кайрадан ушул кызматка шайланган. Бирок 2014-жылы анын өкүлү болгон «Индия Улуттук Конгресси» партиясы парламенттик шайлоодо жеңилгенден кийин кызматынан кетерин жарыялаган.
Манмохан Сингх 2004-жылдан 2014-жылга чейин Индиянын премьер-министри болуп, өлкөдө эң узак мөөнөт кызмат кылган лидерлердин бири катары тарыхта калган.