Ош шаарында уурулукка шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга аял киши шаардагы үйлөрдүн биринен кубатоодо турган Samsung үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айткан. Бул кылмышка шектүү катары жумушсуз жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 18 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө ал буга чейин дагы бир катар уурулукка барганы үчүн издөөдө жүргөнү аныкталган. Тагыраагы, мурун ал аялдамада турган аялдын 12 миң сом акчасы салынган сумканы жулуп качкан, ошондой эле 30 жаштагы аялдын Redmi 13C үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткен.