2025-жылдын 9-январынын тарта Ош–Каракол багыты боюнча аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Асман аба жолдору" авиакомпаниясы каттамды бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарат.
"Билет баасы 4600 сом. Бир жуп лыжа же сноуборд бекер" деп айтылат маалыматта.