Кыргызстанга келип сыйлык алып кеткен Улукбек аттуу өзбек блогеринин иш-чара жана Бишкектин көчөлөрү тууралуу айткан сын пикирлери, кыргыз сигментинде кызуу талкууга түштү.
Ал түшкөн учагын эски деп атап, көчөлөрдө жарыктандыруу жок экендигин билдирип, алган сыйлыгына сын таккан.
“Бул сыйлык анчалык деле кымбат эмес. Көрсөңүздөр болот. Жер төлөгө түшсөңүздөр каалагандай кылып жасап беришет.
Бишкектин көчөлөрү караңгы. Жарыктандыруу жок. Болбосо биз шаардагы борбордук көчөлөрдүн биринде турабыз.
Бул учак коркутуп жатат. “Тез жет” авиакомпаниясына таандык экен. Батыраак жетсин дешкен го. Бирок учак 1301-жылы иштелип чыкканга окшоп жатат. Автобустан 6 сантиметр чоңураак. Терезе жапкычы болсо нан салып койгон идишке окшоп турат”, - деп билдирген блогер.
Ал эми кыргызстандыктар бул блогердин айткан сын пикирин ортого салып, кечирим сурасын деген таризде комментарий беришүүдө. Ошондой эле иш-чарага чакырып, сыйлык тапшыргандарды да жазалоону айтып жатышат.
Белгилей кетсек, блогер жакында эле "Музыка" телеканалы тарабынан уюштурулган иш-чарада жыл мыктысы аталып, диплом жана статуэтка менен сыйланган.