Ысык-Көл облусунда баасы 1 миллиард 84 миллион 657 миң сомду түзгөн "Симирам" эс алуу борбору Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат маалымдагандай, жалпы аянты 4679 чарчы метрди түзгөн имараттардан жана курулмалардан турган Корумду айылындагы эс алуу борбору уюшкан кылмыштуу топту каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо ишинин алкагында алынган.
УКМК учурда кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрдү аныктоо иштери улантылып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, атайын кызмат быйыл август айында "Симирамдын" ээси Ясынжан Таировго издөө жарыялаган болчу. Маалыматта ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп, ага 200 миң доллар бергени жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн эс алуусун уюштуруу үчүн аларга коттедждерди берип турганы айтылган.