Эртең, 28-декабрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 ... -7, күндүз +2 ... +7;
Талас облусунда түнкүсүн -5 ... -7, күндүз +4 ... +6;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +7 ... +9;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -5 ... -7, күндүз +3 ... +5;
Нарында түнкүсүн -18 ... -20, күндүз -4 ... -6 градус;
Бишкек шаарында түнкүсүн -3 ... -5, күндүз +5 ... +7 градус болот.