Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад шаарында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилди.
Иш-чарада Кытайдын Өнүгүү жана реформа мамлекеттик комитетинин төрагасы Жень Шанзе Кытай лидери Си Цзинпиндин кайрылуусун окуса, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кайрылуусун бул өлкөнүн премьер-министринин орун басары Жамшит Ходжаев окуду.
Ал эми президент Жапаров долбоор үчүн коңшу өлкөнүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, темир жол долбоору аймактын өнүгүшүнө салым кошорун белгиледи.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат. Тагыраак айтканда, жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин рынокторуна жол ачат", - деди ал.
Андан соң өлкө башчы эки өлкөнүн өкүлдөрү менен бирге курулуш үчүн коюлган атайын ташты чогуу ачты.
Буга чейин Жапаров Бишкекте өткөн курултайда долбоорду баштоо аземи 27-декабрда өтөрүн айткан болчу.
Эске салсак, июнь айында Пекин шаарында үч өлкөнүн бийлик өкүлдөрү Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 19-июндагы жыйынында үч окууда жактырган. Президент буга 27-июнда кол койгон. Өкмөт 28-сентябрда Бишкекте "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу" ишканасы түзүлгөнүн билдирген.
Жалпы узундугу 523 чакырымды түзгөн темир жолдун курулушу Кашкардан башталып, Торугарт ашуусунан өтүп, Жалал-Абадга келип, Өзбекстандын Анжиян шаарынан бүтөт. Анын 305 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.