Бишкек шаарында зордуктоого шектелип 36 жаштагы 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-декабрда жабырлануучу милицияга кайрылып, 24-ноябрь күнү бейтааныш адам күч колдонуп, зордуктаганын айткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 36 жаштагы К.Э. жана Д.Т. аттуу 2 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Айрым жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, жакында бир аял милицияга арыз менен кайрылганын, ал күйөөсүнүн телефонунан жолдошу менен анын досу белгисиз кызды зордуктап жатканы тартылган видео таап алганын жазып чыгышты.
Анда алгач арыз жазган келиндин күйөөсү кармалып, ал аркылуу анын досу делген адамдын өздүгү аныкталып, Жалал-Абад облусунда жашырынып жүргөнүн жеринен кармалганы айтылат.
Социалдык тармактарда тараган видеодон түн ичинде калаадагы сейил бактардын биринде жүрүм-турумуна караганда мас өңдөнгөн эки эркектин бир кызга ыдык көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.