Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп Таалайбек Абыкеев дайындалды. Тиешелүү тескемеге Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев кол койгон.
Жогорку Соттон билдиришкендей, Абыкеев аталган кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалды.
Сот органынын башчысы Сатыев Абыкеевди куттуктап, ишти мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүүнү тапшырды.