Ысык-Көлдө баңгизат менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга "Узун" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өзүнүн шериктери менен Ысык-Көл районунун аймагында мыйзамсыз баңгизаттарын сактап, сатып жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.
13-декабрда ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 1978-жылы туулган Т.Э. аттуу Чолпон-Ата шаарынын тургуну кармалган. Анын турак жайын тинтүү учурунда салмагы 1 кило 250 граммды түзгөн баңгизаты табылып алынган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши боюнча тийиштүү экпертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.