Норвегияда туристтерди ташыган автобус оодарылып, 3 адам каза болду 

Кечээ, 26-декабрда Норвегияда автобус оодарылып, 3 адам каза болгон. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга караганда, кырсык Норвегиянын түндүк-батыш жээгиндеги Хадсел районунда болгон. Автобус жолдон чыгып, Асватнет көлүнө түшүп кеткен.

Норвегиянын бийлиги автобус 58 адамды ташыганын айтып, алардын арасында чет элдиктер да болгонун билдирди. Жүргүнчүлөрдүн ичинен үчөө каза болуп, 4 адам жаракат алган.

"Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар тик учак менен Стокмаркнес ооруканасына, ал эми калган жүргүнчүлөр жакынкы мектепке жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан