Бүгүн, 27-декабрда Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрда Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык “Алтын балаты – 2025” майрамы болуп өттү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, мэр Бакытбек Жетигенов шаардын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.
Белгиленгендей, майрамдык иш-чарага 600дөн ашуун мектептин алдыңкы окуучулары, майыптыгы бар, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында балдарга шаардык маданият башкармалыгы, “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан оюн-зоок программасы тартууланып, соңунда таттуу белектер тапшырылгандыгы маалыматта кошумчаланган.